Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан 2021-жылдын 29-мартынан 3-апрелине чейин аткарылган негизги иш-чаралар тууралуу маалымат

 

  1. Уюштурулган жана өткөрүлгөн (аткарылган) иш-чаралар:

1) КР Президентинин дарегине төмөнкү кызматтык каттар жана документтер даярдалып, киргизилди:

— «Коопсуздук-2021» жана «Түзүм Түштүк-2021» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууларды өткөрүү боюнча;

— уурулукка байланыштуу кылмыштардын санынын көбөйүшү жөнүндө;

2) КР Коопсуздук кеңешинин жыйналышын өткөрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө (эки маселе боюнча материалдар даярдалып бүттү):

— «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө»;

— «Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын коронавирустук инфекцияга каршы аракеттенүү, финансылык, гранттык жана гуманитардык жардамды сарамжалдуу пайдалануу боюнча ишинин натыйжалуулугун изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу»;

3) КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (финансы полициясын) жоюу боюнча комиссиясынын алкагында иштер жүргүзүлүүдө

4) 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык эксперттик топтун «Коопсуздукту жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу» маселеси боюнча № 1 Жумушчу тобунун сунуштары даярдалды жана берилди (Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнө)

5) Төмөнкү КР Президентинин Буйруктарынын долбоорлору боюнча иштер жүргүзүлдү:

— «Коопсуздук-2021» жана «Түзүм Түштүк-2021» Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгууларды өткөрүүдөгү активдүү даярдыгы жана мыкты командалык үчүн сыйлоо (энчилүү сааттар менен 11 аскер кызматчысы жана 11 «Кант» россиялык авиабазасынын аскер кызматчысын сыйлоо, алкыш 20 аскер кызматчысына жарыялоо);

— КР Коргоо министрлигине спорттук жана маданий-массалык иш-чара өткөрүүгө финансылык (600 000 сом) колдоо көрсөтүү боюнча;

6) «Коопсуздук-2021» жана «Түзүм Түштүк-2021» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары өткөрүлдү (аскердик бөлүктөр, техникалар даярдалды; КР Президентинин түштүккө учуусу үчүн «Кант» авиабазасы менен уюштуруу иштери жүргүзүлдү)

7) КР Президентинин 2021-жылдын 29-январында жана 8-февралында кабыл алынган Жарлыктарын ишке ашырууну контролдоо иштери жүргүзүлүүдө (кураторлук кылынуучу мамлекеттик органдар тарабынан)

 

  1. КР Коопсуздук кеңешинин төмөнкү чечимдерин ишке ашыруу боюнча контролдоо жүргүзүлүп жатат:

КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тарабынан Кеңештин 20 чечиминин аткарылышына контроль жүргүзүлүп жатат.

Анын ичинен 2 чечим (2020-жылдын 1-сентябрындагы № 11 «2020-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жөнүндө» жана 2020-жылдын 24-декабрындагы № 14 «2021-жылдын 10-январында КР Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө») толук ишке ашырылган, 18 чечим контролдо турат, ал боюнча квартал сайын 10 числодо Президенттин атына маалымат берилип турат.

Алардын ичинде 8 чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышынын көйгөйүнө тийиштүү.

 

  1. Эл аралык багытындагы иш-чаралар

ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин «Биологиялык коопсуздук жөнүндө» чечиминин жана Координациялык кеңештин жобосунун долбоорун иштеп чыгууга катышуу. Ал боюнча видеоконференц байланыш өткөрүүгө уюштуруу иштери жүргүзүлдү, ведомстволор аралык кеңешме өткөрүлдү. ЖККУ мамлекеттери менен талкуу өткөрүлдү (30-март).

 

  1. Мамлекеттик органдарда системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча ишти уюштуруу

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын эксперттери жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча Деталдаштырылган пландын аткаруу матрицасын онлайн режиминде текшерүү иши улантылды (Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын Жумушчу тобунун эксперти Ускенбаева Г.Т.).

 

  1. Кураторлук жүргүзүлүүчү мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана өз ара аракеттенүү боюнча ишти уюштуруу жүргүзүлүп жатат:

1) КР Коргоо министрлиги;

2) КР Ички иштер министрлиги;

3) КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

4) КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

5) КР УКМКсынын Чек ара кызматы;

6) КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

 

  1. Жетекчиликтин жана КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын дарегине келип түшкөн мамлекеттик органдардын маалыматтары, кайрылуулар, жарандардын арыздары жана даттануулары каралууда.

Тийиштүүлүгү боюнча резолюциялар/тапшырмалар даярдалып, мамлекеттик органдар менен иш жүргүзүлүп жатат (аларды карап чыгуу контролго алынган). Айрым маселелер боюнча жарандар кабыл алынууда.

Бардыгы — 64 документ (анын ичинде 26 жарандардын кайрылуулары).

 

  1. Кошумча:

КР ИИМ боюнча Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий жана криминогендик абал боюнча маалыматтар, ошондой эле КР ӨКМ боюнча окуялар тууралуу маалыматтар күн сайын берилип, алар боюнча талдоо иштери жүргүзүлүп турат.

Өлкөдөгү коомдук-саясий процесстерге ачык булактар жана оперативдүү мүмкүнчүлүктөр аркылуу байкоо жүргүзүлүүдө.

2021-жылдын 5-10-апрелине карата пландалган негизги иш-чаралар

 

  1. КР Коопсуздук кеңешинин жыйналышын өткөрүү боюнча даярдык иштерин жүргүзүү.
  2. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдум жана жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу жана өткөрүү боюнча жардам көрсөтүү;
  3. КР Президентинин атына киргизилген кызматтык каттар боюнча резолюцияга ылайык иштерди жүргүзүү.
  4. КР Коопсуздук кеңешинин чечимдеринде белгиленген тапшырмаларды ишке ашырууга контролдук кылуу.
  5. Кураторлук кылган мамалекеттик органдардын ишин коордунациялоо боюнча иштерди жүргүзүү.
  6. Келип түшкөн кайрылуулар, жарандардын арыздары жана дооматтары боюнча иш жүргүзүү, ошондой эле күнүмдүк каттарды карап чыгып, иш алып баруу.
  7. Жетекчиликтен алынган башка тапшырмаларды аткаруу.
2021-жыл 3-апрель