Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү 2021-жылдын 19-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилдеги аткарылган иштери жөнүндө

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун 2021-жылдын 31-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыгы менен Кеңеш түзүлдү.

Учурда бөлүм Кеңештин ишинин багыттары боюнча иш алып баруу жана ага тиешелүү сунуштарды даярдоо максатында   эксперттик жумушчу топторду түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. 

2021-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Г. У. Калиеваны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу аны кызматтан убактылуу четтетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тиешелүү сунуш киргизилди.

2021-жылдын 2-апрелинде «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Умөталиев Кубаныч Токтомуратовичтин судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндөгү чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун Жарлыгы даярдалды.

Бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мыйзамдуулугун камсыз кылуу алкагында эки сунуш боюнча укуктук экспертиза жасалды. Тактап айтканда, алар 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жоболору боюнча жалпыланган жана такталган тийиштүү өзгөртүүлөрдүн долбоору жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жөнөткөн коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин координациялык кеңеши жөнүндө жобо.

Жума ичинде бөлүмгө 73 кат келип түшүп, анын ичинен 15 кат Президенттин Аппаратынын ички иштерине байланыштуу буйруктар, жарлыктар, укуктук ченемдик актылар боюнча жазылган кызматтык каттарды түзсө, 40 кат жарандардын соттук маселелери боюнча болду.

Мындан тышкары бөлүм тарабынан 18 жаран жеке кабыл алынып, аларга   Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү түшүндүрмөлөр берилди.

2021-жыл 3-апрель