Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн 2021-жылдын 5-9-июлунда аткарган иштери жөнүндө маалымат

Бир жума ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин 3 жыйыны болуп, анда 26 маселе, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү) тарабынан демилгеленген 10 мыйзам долбоору каралды.

2021-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 14 маселе каралды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү) тарабынан демилгеленген 5 маселе каралды, алардын ичинен эң актуалдуусу төмөнкүлөр:

  1. «Баткен облусуна статус берилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 2-июлундагы (№ 25-1192) киргизилген).

  1. «2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 4-майындагы № 197 токтому менен киргизилген).

  1. «2021-жылдын 23-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2016-жылдын 5-октябрындагы „Ошэлектр“ ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорунун максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын, „Ошэлектр“ ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия үчүн Европа Бирлигинин инвестициялык механизми линиясы боюнча (European Union’s Investment Facility for Central Asia, ИФКА) Европа комиссиясынан инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууга, 2017-жылдын 7-декабрындагы Кыргыз Республикасынын, „Чыгыш электр“ ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен „Чыгыш электр“ ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грантка карата Гранттык макулдашууга жана 2016-жылдын 5-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга („Ошэлектр“ ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу каттарды ратификациялоо тууралуу» Мыйзамдын долбоору

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 17-июлундагы (№ 26-16456) киргизилген).

Жалпысынан биринчи окууда — 2 мыйзам долбоору, экинчи окууда — 1 мыйзам долбоору, үчүнчү окууда — 2 мыйзам долбоору кабыл алынды.

2021-жыл 9-июль