Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн 2021-жылдын 28-июнунан 9-июлуна чейин аткарган иштери жөнүндө маалыматы

— 28-июнда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У. А. Мариповдун «Аль-Мактум» (Бириккен Араб Эмираттары) Кайрымдуулук Фондусунун Директорлор Кеңешинин мүчөсү Мирза Ас-Саег менен жолугушуусу даярдалып, өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык жана билим берүү чөйрөсүндө долбоордук кызматташтык маселелери талкууланды;

— 29-июнда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын Рияда компаниялар тобунун өкүлдөрү менен (Бахрейн Падышалыгы) жолугушуусу даярдалып, өткөрүлдү. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды;

— 29-июнда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук Университетинин ректору Ж.К.Түймебаев менен жолугушуусу даярдалып, өткөрүлдү, анын алкагында билим берүү жаатында кызматташуу жана аталган билим берүү мекемесинин Кыргызстандагы филиалын ачуу маселелери талкууланды;

— 30-июнда КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары А. А. Касымалиевдин төрагалыгы астында Борбордук Азиядагы Америка Университетинин вице-президентинин кайрылуусу боюнча КР мамлекеттик органдарынын кеңешмеси даярдалып, өткөрүлдү;

— 30-июнда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын Швейцария Конфедерациясынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Вероника Ульман менен жолугушуусу даярдалып, өткөрүлдү. Жолугушууда кыргыз-швейцар кызматташтыгынын абалы жана перспективалары талкууланды;

— 30-июнда КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Элчиси Э.Ауэр менен жолугушуусу даярдалып, өткөрүлдү. Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын абалы жана перспективалары талкууланды;

— 2-июлда, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын төрагалыгы астында Индия Республикасы менен авиакаттамдарды жандандыруу маселеси боюнча КР мамлекеттик органдарынын кеңешмеси даярдалып, өткөрүлдү;

2-июлда КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары А. А. Касымалиевдин төрагалыгы астында 2021-жылдын октябрь айынан баштап 2022-жылдын 31-мартына чейин боло турган Бириккен Араб Эмираттарында Бүткүл дүйнөлүк «Дубай ЭКСПО-2020» көргөзмөсүнө кыргыз тарабынын катышуусуна даярдануу боюнча КР мамлекеттик органдарынын кеңешмеси даярдалып, өткөрүлдү;

— 2-июлда КР Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы А. А. Айдарбековдун төрагалыгы астында Казан Технологиялык Университетинин филиалынын Кант шаарынан Бишкек шаарына көчүрүлүшү боюнча Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын «Туган Тел» татар-башкир маданий борбору» коомдук бирикмесинин кайрылуусу боюнча КР мамлекеттик органдарынын кеңешмеси даярдалып, өткөрүлдү;

— 5-июлда КР Президентинин Администрациясынын Эл аралык кызматташуу бөлүмүндө Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча техникалык топтордун онлайн жолугушуусун өткөрүү маселеси боюнча кеңешмеси даярдалып, өткөрүлдү.

— 7-июлда, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ж. К. Бакашованын Чоң жана Кичи Памирдеги (Афганстан) этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам уюштуруу маселеси боюнча КР мамлекеттик органдарынын кеңешмеси даярдалып, өткөрүлдү;

— 9-июлда, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У. А. Мариповдун төрагалыгы астында Чолпон-Ата шаарында экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынына даярдык көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кеңешмеси даярдалып, өткөрүлдү;

— 9-июлда, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы У. А. Мариповдун төрагалыгы астында транспорттук жана транзиттик темир жол каттамдарын жана электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кеңешмеси даярдалып, өткөрүлдү.

— 9-июлда Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отурумуна жана экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынына даярдануу боюнча көчмө жыйыны даярдалып, өткөрүлдү;

— КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-июлунда «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондусун Кытай Эл Республикасынан буудай уну, кум шекер, соя майы түрүндө расмий гуманитардык жардам алуучу катары аныктоо жөнүндө» буйругун чыгаруу боюнча иш аткарылды;

— КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 «Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө» Токтомуна КР Министрлер Кабинетинин өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Токтомун чыгаруу боюнча иш аткарылды. КР кирүү-чыгуу визаларынын «туристтик» категориясы боюнча Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Араб Падышалыгы Кувейт Мамлекети, Катар Мамлекети, Бруней Даруссалам Мамлекети, Оман Султандыгы жана Бахрейн Королдугу мамлекеттеринде жашап турууга уруксаты (резидент-карталары) бар төмөндөгү чет мамлекеттердин жарандарына карата колдонулат: Алжир Элдик Демократиялык Республикасы, Бангладеш Эл Республикасы, Египет Араб Республикасы, Индия Республикасы, Иордания Хашимит Королдугу, Ливан Республикасы, Марокко Королдугу, Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Тунис Республикасы, Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы.

2021-жыл 9-июль