Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КР Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн 2021-жылдын 5-9-июлунда аткарган негизги иштери

  • Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун атынан «Манас» жана Ч. Айтматов улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктоо иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Топчубек Тургуналиевге ийгиликтерди каалоо менен бирге, ал жетектеп жаткан жамаатка жакшы каалоо тилектер айтылды.
  • «Манас» жана Ч. Айтматов улуттук академиясынын Манас таануу бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташмамбет Кененсариев каза болгондугуна байланыштуу аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты уюштурулду.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары
    Б.Р. Зулпиев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиясынын директору Т.Ж. Абдыкаровду кабыл алды. Кабыл алууда Кыргызстан мусулмандарынын
    7-Курултайынын жыйынтыгы боюнча маалымат угулуп,
    2021-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын долбоору талкууланды.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары
    Б.Р. Зулпиев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы шайланган Азирети Муфтийи Замир каары Ракиевди кабыл алды. Кабыл алууда Кыргызстан мусулмандары, ишенимдери жана кыргыз элинин каада-салты, алардын коомдогу орду тууралуу пикир алмашуулар жүргүзүлдү.
  • 2021-жылдын 7-июлунда бөлүм башчысы К.Б. Базарбаев Кыргыз Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун кеңсесинин координаторунун тынчтыкты куруу жана өнүгүү боюнча кеңешчиси Куртмолла Абдулганиев мырза жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ага саясий кеңешчиси Юрий Фенопетов мырза менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда БУУнун башкы катчысы А. Гуттериш мырзанын Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Тынчтыкты куруу фондунун долбоорун колдоо жөнүндө жазылган кайрылуусунун жообу тууралуу сөз болду. Аталган долбоор 2022-жылдан 2024-жылга чейин аткарылышы пландалууда жана 15 миллион АКШ доллар өлчөмүндө үч компоненттин алкагында (социалдык биримдик, чек ара кызматташтыгы жана адилеттүү башкаруу) долбоордун каржылоосу күтүлүүдө. Мындан сырткары Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жаңы дайындалган башчысы, элчи Алексей Роговду Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровго жолугуу мүмкүнчүлүгү тууралуу пикир алмашуулар жүрдү.
  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы
    Ч. Абыкеевдин тапшырмасына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы тууралуу жобо иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери менен бирдикте жыйын өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө бул мезгилге чейинки иштеп келе жаткан жоболорду, нормативдик-укуктук актыларды ж.б. карап чыгып, тез аранын ичинде аталган жобонун долбоорун киргизүү тууралуу тапшырмалар берилди.
  • Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун жана КР Президентинин Администрациясынын дарегине келген каттарга жооп берүү жана кайрылуу ээлерин кабыл алуу иштери уюштурулду.

 

 

2021-жыл 9-июль