Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн 2021-жылдын 5-9-июлунда аткарган иши жөнүндө маалыматтар

– Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун мыйзам чыгаруу демилгеси укугунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык сот системасын жөнгө салуучу нормаларды ишке ашыруу максатында жөнөтүлгөн беш мыйзам долбоорлоруна бөлүм тарабынан коштоо жүргүзүлүүдө, алар:

–“Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;

–“Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;

–“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;

–“Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;

–“Кыргыз Республикасынын Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору.

–Жума ичинде бөлүмгө 65 кат келип түштү, алардын каралышы контролго алынган, ал эми 2 жаран бөлүмдө жеке кабыл алууда болду.

Мындан тышкары бөлүм жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кайрылган жарандардын кайрылууларына күн сайын байкоо жүргүзүп, тийиштүү иш алып барууну улантууда.

2021-жыл 9-июль