Поиск по сайту
Поиск по сайту
Президент Кыргызской республики

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2018-жылдын 9 айында (январь–сентябрь) келип түшкөн жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында (мындан ары — Президенттин Аппараты) 2018-жылдын 9 айында (3-январдан 1-октябрга чейин) жарандардын 12482 кайрылуулары менен иштер жүргүзүлдү
(2017-жылдын ушундай эле мезгилинде — 7542, башкача айтканда,           2017-жылга салыштырмалуу өсүү — 165,5%ды түздү) алардын ичинде:

— жазуу жүзүндө (электрондук) келип түшкөн кайрылуулар — 10118 (2017-жылы — 6075), өсүү — 166,5%;

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 913(2017-жылы — 428), өсүү — 213,3%;

— «Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондор аркылуу кайрылган жарандар –910 (2017-жылы — 558), өсүү — 163%;

— Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар — 401 (2017-жылы — 397);

— Биринчи кыргыз радиосунун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн
9 «түз эфирлери» аркылуу кайрылган жарандар — 140 (2017-жылдын ушундай эле мезгилинде — 11 жана 184).

2018-жылдын 9 айында келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) бардык 10118 кайрылуулардын 9867си Президенттин Аппаратына (2017-жылы — 5887), ал эми калган 251 кайрылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түштү (2017-жылы — 188).

Президенттин Аппаратына келип түшкөн 9867 кайрылуулардын 5159зу (же 52,3%) көзөмөлгө алынды, алардын 4435и (86,0%) мөөнөтүндө аткарылды, ал эми 724тү мөөнөтүнө ылайык (14,0%) аткарылууда.

Көзөмөлгө алынган кайрлуулардын 89у толук, 3088и жарым-жартылай канааттандырылгандыгын, 306 кайрылуудагы өтүнүчтөр четке кагылгандыгын, алардын ичинен 68 кайрылуудагы дооматтар өз одун таппагандыгын, 952 жаранга кайрылууларда көтөрүлгөн маселелери боюнча мыйзам чегинде түшүндүрмөлөр берилгендигин маалымдайбыз.

Калган 4708 кайрылуу (47,7%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароолоруна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга тийиштүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн 251 жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын 65и (25,9%) көзөмөлгө алынып, 62си (95,4%) аткарылды, ал эми 3 кайрылууда (4,6%) көтөрүлгөн маселелерди аткаруу иштери улантылууда.

Калган 186 кайрылуулар (74,1%) маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, укук коргоо органдарынын кароолоруна  жиберилип, алардын ичинен 182 арыз (97,8%) каралып, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди, ал эми 4 арыз (2,2%) белгиленген мөөнөттөрү боюнча каралууда.

2018-жылдын 9 айында жарандардан Президенттин Аппаратына келип түшкөн 9867 (2017-жылы — 6075) жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын ичинен Бишкек шаарынын тургундарынан - 3767 арыздар, даттануулар жана сунуштар (38,2%)келип түштү (2017-жылы — 2473).

Чүй областынан — 1496 (15,2%) (2017-жылы — 915), Ошобластынын жана Ош шаарынан жашоочуларынан — 1268 (12,8%)
(2017-жылы — 707), Жалал-Абад областынан — 1160 (11,7%) (2017-жылы — 517), Ысык-Көл областынан — 753 (7,6%) (2017-жылы — 449), Нарын областынан - 422 (4,3%) (2017-жылы — 268), Баткен областынан — 421 (4,3%) (2017-жылы — 159), Талас областынан — 214 (2,2%) (2017-жылы — 131), КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 366 (3,7%) (2017-жылы — 268) кайрылуулар келгендигин билдиребиз (маалымат тиркелет).

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасына келип түшкөн 251 кайрылуулардын ичинен (2017-жылы — 188) Ош шаарынын жарандарынан — 63, Ош областынын райондорунан — 92, Жалал-Абад областынан — 37, Баткен областынан — 23, Бишкек шаарынан — 6, Чүй областынан — 5, Ысык-Көл областынан — 3, Нарын областынан — 1, Россия Федерациясынан — 13, Өзбекстандан — 3, Казахстандан — 2, Тажикистандан — 1, Түркиядан — 1 жана Украинадан — 1 кайрылуу түшкөндүгүн маалымдайбыз.

Бардык жазуу жүзүндөгү (электрондук) 10118 кайрылуулардын 5131и (50,7%) жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүндө, ал эми 4987 кайрылуу (49,3%) Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүндө каралды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси — 9 кайрылуу, Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары — 16, Аппарат Жетекчисинин орун басары — 9, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү — 3, кеңешчилери — 9, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы – 1567, соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү — 1838, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмү — 552, мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмү — 320, стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмү — 169, тышкы саясат бөлүмү — 87, маалыматтык саясат бөлүмү — 55, укук жактан камсыз кылуу бөлүмү— 25,жарандык маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгы — 142, ырайым кылуу маселелер боюнча Комиссиянын катчылыгы — 107 жана Мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгы — 75 кайрылуу боюнча тийиштүү иш алып барган (маалымат тиркелет).

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун Президенттик кызматына киришкен күнүнөн баштап башкача айтканда, 2017-жылдын 24-ноябрынан 2018-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде Президенттин Аппаратына жалпысы 11386 жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулар келип түшкөн. Алардын ичинен 940 (8,3%) кайрылуу Президенттин кароосуна киргизилип, анын берген тапшырмаларынын негизинде жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмү тарабынан Президенттин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүктөрүнүн, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна жиберилип, аткарылышы көзөмөлгө алынган.     

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине — 2 кайрылуу, Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басарына — 8, Аппарат Жетекчисинин орун басарына — 5, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына — 184 кайрылуу, Президенттин Жогорку кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнө — 1, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчилерине — 3, соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнө — 232, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнө — 101, мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө — 64, стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнө — 43, укук жактан камсыз кылуу бөлүмүнө — 17, тышкы саясат бөлүмүнө — 12, маалыматтык саясат бөлүмүнө — 2, Мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгына — 6, Ырайым кылуу маселелер боюнча Комиссиянын катчылыгына — 3, Жарандык маселелери боюнча Комиссиянын катчылыгына — 1, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө — 67, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна — 3, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына — 147, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына — 1, Кыргыз Республикаснын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына — 1, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине — 8, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине — 14, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине — 4, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине — 1, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине — 1, Кыргыз Республикасынын 
Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына — 4жана Бишкек шаарынын мэриясына — 5  кайрылуу жиберилген.

Натыйжада, 940 кайрылуудан 74ү толук жана 160ы жарым-жартылай канааттандырылган, 130 кайрылуудагы өтүнүчтөр четке кагылгандыгын, алардын ичинен 57 кайрылуудагы дооматтар өз ордун таппагандыгын, 386 жаранга кайрылууларда көтөрүлгөн маселелери боюнча мыйзам чегинде түшүндүрмөлөр берилгендигин, ал эми калган 190 жарандардын маселелери боюнча аткаруу иштери мөөнөттөрүнө жараша улантылып жаткандыгын маалымдайбыз.

 

Жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын тематикасы жана мүнөзү

Президенттин Аппаратына келип түшкөн жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) 10118 кайрылуулары тематикасы жана мүнөзү боюнча негизинен 8 багытта болду (2017-жылы — 6075):

— соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча —
4880 кайрылуу (48,2%) (2017-жылдын ушундай эле мезгилинде — 2040);

— жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын иштери, анын ичинде турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүп берүү боюнча — 1145 (11,3%) (2017-жылы — 845);

— саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча — 697 (6,9%) (2017-жылы — 567);

— социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча — 638 (6,3%) (2017-жылы — 516);

— мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 380 (3,8%) (2017-жылы — 320);

— курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча — 292 (2,9%) (2017-жылы — 129);

— кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) — 271 (2,7%)
(2017-жылы — 114);

— коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча — 162 (1,6%) (2017-жылы — 110);

Ал эми, калган 1653 (16,3%) жарандын кайрылууларында социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган (2017-жылы — 1528).

 

President.kg расмий интернет-сайтына келген кайрылуулар

2018-жылдын январь–сентябрь айларынын ичинде President.kg расмий интернет-сайтына республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет мамлекеттерден жарандардын 1820электрондук кайрылуулары келип түштү (2017-жылдын ушундай эле мезгилинде — 1223), алардын ичинде:

  • Бишкек шаарынан — 648 (же 35,6%) (2017-жылы — 587);
  • Чүй областынан — 375 (20,6%) (2017-жылы — 160);
  • Ош областынан жана Ош шаарынан — 178 (9,7%) (2017-жылы — 88);
  • Жалал-Абад областынан — 132 (7,2%) (2017-жылы — 65);
  • Ысык-Көл областынан — 101(5,5%) (2017-жылы — 88);
  • Баткен областынан -77 (4,2%) (2017-жылы — 36);
  • Нарын областынан — 60 (3,2%) (2017-жылы — 27);
  • Талас областынан — 24 (1,3%) (2017-жылы — 16);
  • КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 225 (12,3%) (2017-жылы — 156).

Электрондук почта аркылуу келген кайрылуулар тематикасы боюнча негизинен 5багытта болду:

— сот, укук коргоо органдарынын ишмердиги жана коопсуздук маселелери боюнча — 627(34,5%) (2017-жылы — 269);

— саламаттыкты сактоо, маданият жана билим берүү маселелери боюнча — 163 (8,9%)  (2017-жылы — 159);

—  социалдык кызматтын иши, эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча — 147 (8,1%)  (2017-жылы — 123);

— финансы, кредитмаселелерибоюнча — 107 (5,9%)  (2017-жылы — 34);

— отун-энергетика, транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча — 57 (3,1%)  (2017-жылы — 30);                                                               

Ал эми, жарандардын башка багыттагы көйгөйлүү маселелери жана сунуштары боюнча — 709 (38,6%) кайрылуу келген (2017-жылы — 608).

Расмий интернет-сайт аркылуу келип түшкөн кайрылуулар жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүндө алдын-ала каралгандан кийин, көпчүлүк бөлүгүнө тийиштүү жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди. Алардын ичинен көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилип, анын берген тапшырмаларынын аткарылышы бөлүм тарабынан көзөмөлгө алынган.

Калган кайрылуулар тиешелүүлүгүнө жараша андан ары иштөө үчүн Президенттин Аппаратынын бөлүмдөрүнө, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилип, көзөмөлгө алынды жана жыйынтыктары боюнча арыз ээлерине жооптор жиберилди.

 

Массалык-маалымат каражаттары, интернет-сайттары менен иштөө

2018-жылдын 9 айында бөлүм тарабынан массалык-маалымат каражаттарына маалыматтарды жарыялоо жана жана Биринчи радио аркылуу жарандардын кайрылуулары менен иштөө багытында бир топ  иш-чаралар жүргүзүлдү, алардын ичинде:

2018-жылдын 23-мартында «КТРК», «ЭлТР» жана «Пирамида» телеканалдары аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2018-жылда жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат жарыяланды.

2018-жылдын 23-мартында «President.kg» расмий веб-сайтында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2018-жылдын февраль айына жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат жарыяланды.

2018-жылдын 23-мартында «АКИ press» интернет сайтында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2018-жылы жарандардын кайрылуулар менен иштөө боюнча кыскача маалымат жарыяланды.

2018-жылдын апрель айында «President.kg» расмий веб-сайтында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынынын жетекчичилиги жана бөлүмдөрүнүн башчыларынын 2018-жылда жарандарды кабыл алуу боюнча графиктери боюнча маалымат жарыяланды.

2018-жылдын 11-апрелинде жана 14-июлунда President.kg веб-сайтында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2018-жылдын 1-кварталында жана 1-жарымында жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн жыйынтыктары боюнча маалыматтар чагылдырылды.

2018-жылдын январь–сентябрь айларында Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн 9 жолу «түз эфирлери» өттү (2017-жылы — 11), алар аркылуу  140 жарандын  кайрылуулары  кабыл  алынып  (2017-жылы — 184), алар боюнча жооптор, түшүндүрмөлөр берилди жана тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу маселелери каралып, жыйынтыгы боюнча кайрылуу ээлерине жооптор жиберилди, ошондой эле радио угуучуларга жарандарды кабыл алуунун жана алардын кайрылуулары менен иштөөнүн тартиби, ар бир айда аткарылган иштердин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар берилип турду.                                                                                                                   

    

Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу жарандарды кабыл алуу жана жарандардын ар кандай акциялары жана чыгуулары

Кыргыз Республикасынын Президентинде 2018-жылдын 12-мартында жана 23-июлунда өткөрүлгөн Аппараттык кеңешмелеринде Президенттин Аппараттынын жетекчилиги жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жарандарды жеке кабыл алууну үзгүлтүксүз негизде жүргүзүү жана күчөтүү жөнүндөгү берилген протоколдук тапшырмаларга ылайык, бөлүм тарабынан жеке кабыл алууну уюштурууну күчөтүү боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында, 2018-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 913 жаран кабыл алынып (2017-жылдын ушундай эле мезгилинде — 428), өсүү — 213,3%ды түзгөн. Бишкек шаарында — 468 жаран (51,3%)    (2017-жылы — 91), Ош шаарында — 444 жаран (48,7%) (2017-жылы — 337) кабыл алынды, алардын ичинде:

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилиги тарабынан82(2017-жылы — 7) жаран кабыл алынды;

— Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана кызматкерлери тарабынан бекитилген графикке ылайык Бишкектеги Коомдук кабылдамада 144 (15,8%) жаран кабыл алынып (2017-жылы — 40), аларга маселелеринин маңызы боюнча кеңештер жана жооптор берилди.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикаснын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан — 28 жана анын Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары кезинде — 36 жаран кабыл алынган, Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары — 5, Аппарат Жетекчисинин орун басары — 13, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы — 19,соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү — 102, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмү — 7, мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмү — 8, стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмү — 7, укук жактан камсыз кылуу бөлүмү тарабынан 1 жаран кабыл алынган.

Ал эми, Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлери тарабынан 687 (75,3%)жаран кабыл алынды (2017-жылы — 381)жана маселелери боюнча кеңештер, жооптор жана тиешелүүлүгүнө жараша компетенттүү органдарга кайрылуунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди.

Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «ишеним телефондору» жана кызматтык телефондор аркылуу кайрылган 910 жарандын (2017-жылы — 558) көпчүлүгүнүн маселелери тиешелүү мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, мекемелер, уюмдар менен биргеликте ыкчам каралып чечилди жана жооптор берилди.

Ошондой эле, Коомдук кабылдамаларга келген 401 жаранга
(2017-жылы — 397) маселелери боюнча кандай тартипте, кайсы органдарга кайрылуулары боюнча ар кандай маалыматтык-укуктук кеңештер жана жардамдар берилди.

2018-жылдын январь–сентябрь айларынын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратынын алдында 800ден ашык жаран катышкан ар-кандай акциялар болуп өттү, алардын ичинде:

— 20-, 24-январда жана 2-февралында жер тилкелерин трансформациялоо маселелери боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 130 жашоочулары катышкан акциялары;

— 14-февралында жер тилкелерин трансформациялоо маселеси боюнча 50 жаран жана  Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы А. К. Сегизбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган Б.Асанов, К. Кадыров жана Ж.  Карыбековдордун 20 жактоочулары жана туугандары катышкан акциясы;

— 5-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгелерин колдогондугу боюнча 50 активисттер катышкан акциясы;

— 16-февралында Б.Асанов, К. Кадыров жана Ж.  Карыбековдордун 15 жактоочулары жана туугандары катышкан акциясы;

— 19-, 20-апрелде 2018-жылдын 11-апрединде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында болуп өткөн башаламандыкка тиешеси бар жана камакка алынган балдарды бошотууну талап кылган 60 жаран катышкан тарапташтарынын, туугандарынын акциясы;

— 14-, 15-, 24-майында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы М. Асанакуновдун ээлеген кызматынан кетүүсүн талап кылуу менен 40 ашык жаран катышкан акциялары;

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратынын алдында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңештин коомдук кабылдамаларынын жанында 2018-жылдын 21-майында жана 23-майында Ош базарынын «Берекет» соода түйүнүнүн өрттөн жабыркаган соодагерлеринин 30дан ашык катышкан соодагерлеринин 2 акциялары;

— 5 — июлунда12 Аксы окуясынын жабырлануучулары катышкан акциясы;

— 27-августунан баштап бир жума Я. М. Халитовдун сот органдарынын ишмердигине нааразычылыгын билдирген акциясы;

— 22-, 29-августунда жана 4-, 6-сентябрында 40дан ашык катышкан гемодиализ процедурасын алуучу бейтаптардын аларга ушул жылдан бериле баштаган «Репоэтин» препараты сапатсыз болгондугун белгилешип, кайра «Рекормон» препараты менен камсыз кылууну талап кылган акциясы болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан    Бишкек    шаарынын    Биринчи   Май   райондук   ички   иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен бирдикте акцияларга чыккан жарандардын суроо-талаптарын тактоо, алардын чечилиш жолдору, коомдук тартипти сактоо жана койгон маселелери боюнча тиешелүү жана компетенттүү органдарга кайрылуунун тартиби жөнүндө кеңештер жана түшүндүрмөлөрдү берүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, акциялардын катышуучуларынын жана алардын өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуулары, талаптары жана резолюциялары кабыл алынып, мыйзам чегинде кароого жана жыйынтыгы боюнча кайрылуу ээлерине жооп берүү үчүн тийиштүү мамлекеттик жана башка органдарга жиберилип, алар тарабынан жооптордун берилиши көзөмөлгө алынгандыгын билдиребиз.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча Коомдук кабылдамасынын иши

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасында 2018-жылдын январь–сентябрь айларынын ичинде
843 жарандын кайрылуулары менен иштер жүргүзүлдү (2017-жылдын ушундай эле мезгилинде — 726).

Аталган мезгилде 251 жарандын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары катталып (2017-жылы — 188), алардын ичинде: Ош шаарынын жарандарынан — 63, Ош областынын райондорунан — 92, Жалал-Абад областынан — 37, Баткен областынан — 23, Бишкек шаарынан — 6, Чүй областынан — 5, Ысык-Көл областынан — 3, Нарын областынан — 1, Россия Федерациясынан — 13, Өзбекстандан — 3, Казахстандан — 2, Тажикистандан — 1, Түркиядан — 1 жана Украинадан  — 1 жарандын кайрылууларына жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

«Ишеним телефону» аркылуу 78 жаранкайрылышып (2017-жылы — 89), аларга мүнөзү боюнча тиешелүү жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле Коомдук кабылдаманын диалог борборунда 70 жаранга нормативдик-укуктук документтер жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий абал боюнча маалыматтык жардамдар көрсөтүлдү (2017-жылы — 112).

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Коомдук кабылдамасында аталган мезгилде 444 жаран кабыл алынды
(2017-жылы — 337), алардын ичинде Ош шаарынан — 177, Ош областынын райондорунан — 215, Жалал-Абад областынан — 32, Баткен областынан — 8, Бишкек шаарынан 2, Чүй областынан — 2, Россия Федерациясынан — 3, Тажикистандан — 4 жана Өзбекистандан — 1 жаранга маселелеринин маңызы боюнча жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.