Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Президент Владимир Путин Ч.Айтматов атындагы үй-музейге барышты

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн, 28-мартта Президент Сооронбай Жээнбеков жана Президент Владимир Путин Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы үй-музейге барышты.

Президенттер жазуучунун үй-бүлөсү менен маектешти, Чынгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов аларга музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Президент Владимир Путин үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты, ошондой эле эстелик жазуулар Китебине өз каалоолорун жазышты.

2019-жыл 28-март