Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2017-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга прогноз жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2016-жылы 30-ноябрда кабыл алган.
Бул Мыйзам менен 2017-жылга республикалык бюджет кирешелер боюнча 126,8 млрд сом өлчөмүндө, чыгымдар боюнча 150,1 млрд сом өлчөмүндө бекитилди. 2017-жылга республикалык бюджеттин дефицитинин четки өлчөмү 23,3 млрд сом деп белгиленди.
Мыйзам 2017-жылы 1-январдан тартып күчүнө кирет.