Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Администрациялык-аймактык бөлүнүш

Чүй облусу

Администрациялык борбору Бишкек шаары болуп саналат.

Чүй облусунун курамына 8 район кирет: Панфилов району, Жайыл району, Москва району, Сокулук району, Аламүдүн району, Чүй району, Ысык-Ата району жана Кемин району

Талас облусу

Администрациялык борбору Талас шаары болуп саналат.

Талас облусунун курамына 4 район кирет: Бакай-Атай району, Кара-Буура району, Манас району жана Талас району.

Ысык-Көл облусу

Администрациялык борбору Каракол шаары болуп саналат.

Ысык-Көл облусунун курамына 5 район кирет: Ак-Суу району, Жети-Өгүз району, Тоң району, Түп району жана Ысык-Көл району.

Нарын облусу

Администрациялык борбору Нарын шаары болуп саналат.

Нарын облусунун курамына 5 район кирет: Ак-Талаа району, Ат-Башы району, Жумгал району, Кочкор району жана Нарын району.

Ош облусу

Администрациялык борбору Ош шаары болуп саналат.

Ош облусунун курамына 7 район кирет: Алай району, Араван району, Кара-Кулжа району, Кара-Суу району, Ноокат району, Өзгөн району жана Чоң-Алай району.

Жалал-Абад облусу

Администрациялык борбору Жалал-Абад шаары болуп саналат.

Жалал-Абад облусунун курамына 8 район кирет: Аксы району, Ала-Бука району, Базар-Коргон району, Ноокен району, Сузак району, Тогуз-Торо району, Токтогул району жана Чаткал району.

Баткен облусу

Администрациялык борбору Баткен шаары болуп саналат.

Баткен облусунун курамына 3 район кирет: Баткен району, Кадамжай району жана Лейлек району.


Бишкек

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары болуп эсептелет.

Бишкек шаары - саясий, экономикалык, илимий, административдик жана тарыхый-маданий борбор, республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары, чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер.