Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапар менен Ош жана Жалал-Абад облустарына барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен өлкөнүн аймактарын кыдырууну улантууда.

Бүгүн, 15 августта Мамлекет башчысы эки күндүк иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарына учуп кетти.

Иш сапардын алкагында социалдык, өндүрүш жана айыл чарба объектилерине баруу пландалууда, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар  менен дагы жолугат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кызматына киришкенден бери Нарын, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарында иш сапар менен болгон.

2018-жыл 15-август