Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Фоторепортаж - Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары  менен Ош жана Жалал-Абад облустарында жүрөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  өлкөбүздүн аймактары боюнча иш сапарларын улантууда.

Бүгүн, 15-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк  иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Ош облусунун Өзгөн районундагы «Аталык-Өзгөн» ишканасынын «ЭлДан Аталык» агроөнөржай комплексинин филиалында болду. Ишкана жергиликтүү фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу, чеснок жана сафлор өстүрүү, аларды кайра иштетүү менен алектенет.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы 2027-аскер бөлүгүнүн «Шамалды-Сай»  чек ара заставасынын жаңы комплексинин  ачылыш аземине  катышты.

Ошондой эле Президент 2018-жылдын октябрь айында курулушу баштала турган Бишкек-Ош автожолунун Маданият-Жалал-Абад участогунун  курулуш долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысынын иш сапарынын алгачкы күнү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында Жалал-Абад облусунун жашоочулары менен жолугушуусу менен жыйынтыкталды.

2018-жыл 15-август Джалал-Абад