Чолпон-Ата шаарында «Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» III Эл аралык Ысык-Көл форуму аяктады.
Талкуунун үч күндүк жыйынтыгы боюнча форумдун катышуучулары мамлекет башчыларына, маданият жана көркөм өнөр ишмерлерине, ошондой эле дүйнөлүк лидерлерге даректелген бирдиктүү кайрылууну кабыл алышты.
Белгилуу болгондой, форум 2018-жылдын 5-октябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда башталган.
Ал эми 6-7-октябрда дискуссиялар Ысык-Көлдүн жээгинде улантылган.
Форумга дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн белгилүү жазуучулар, саясатчылар, илимий изилдөөчүлөр жана көркөм өнөрдүн ишмерлери келишкен. Эл аралык аянтча дүйнөлүк заманбап интеллигенциянын өкүлдөрү баштаган 130дай катышуучунун башын бириктирди.
Ысык-Көлдө коноктор үчүн атайын маданий программа каралган. Чыңгыз Айтматовдун «Ак-Кеме», «Жамиля», «Саманчынын жолу» жана башка чыгармаларынын негизинде спектакльдер коюлду.
Мындан тышкары теплоход менен эс алуу уюштурулду.
Фото «Кабар» КУМА тарабынан берилген.