Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Стамбулда Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-октябрда Стамбул шаарында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты.

Сооронбай Жээнбеков башка Мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышты.

 

2018-жыл 29-октябрь Стамбул