Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразия экономикалык коомдоштукка башка мүчө-мамлекеттин аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырууда ЕАЭК мүчө-мамлекеттин биринин жарандары менен өндүрүштө болгон кырсык учурларын териштирүүнүн тартиби жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштукка башка мүчө-мамлекеттин аймагында эмгек ишин жүзөгө ашырууда Евразия экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттин биринин жарандары менен өндүрүштө болгон кырсык учурларын териштирүүнүн тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Аталган Макулдашуу Евразия экономикалык коомдоштугунун Мамлекеттер аралык кеңешинин 2013-жылдын 31-майындагы № 637 чечими менен кабыл алынган.

Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишим 2015-жылдын 20-мартындагы № 63 «2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган. Мында, Евразия экономикалык коомдоштугунун ишин токтотуу жөнүндө келишимдин 3-беренесинде Тараптар ушул Келишимдин 5-тиркемесинде аталган эл аралык келишимдердин күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатка ылайык деп таанышат. Аталган келишимдин 5-тиркемесине ылайык  Минск шаарында 2013-жылдын 31-майында кол коюлган Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жөнүндө макулдашуу эл аралык келишимдердин Тизмегине кирген, алар боюнча күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатка ылайыктуу.

Макулдашууда Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттин биринин жарандары Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө болгон башка мамлекеттин аймагындагы өндүрүштө иштеп жүргөндө кабылган кырсыктарды териштирүү тартиби жумушка орноштурган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 18-январь