Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.
Мыйзамды кабыл алуунун максаты — айыл чарба (өсүмдүк, мал чарбачылык, канаттуулар, аарычылык), балык чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө жана аларды кайра иштеткендерге жеңилдетилген кредиттерди берүү маселелерин жөнгө салуу.
Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.