Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Улуу улуттук жыйынын депутаттары Джевдет Йылмаз жана Лютфи Элван менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-январда Түркия Республикасынын Улуу улуттук жыйынын депутаттары Джевдет Йылмазды жана Лютфи Элванды кабыл алды.

Стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Түркия Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын ортосунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки өлкөнүн парламентчилеринин ролун өзгөчө белгиледи.

2019-жыл 21-январь