Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамды кабыл алуунун максаты — бул Мыйзамды 2018-жылдын 30-мартында кабыл алынган «Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык келтирүү.

Тактап айтканда “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамындагы үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамын караштырган кирешелердин катарынан өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо, пенсиялар алынган.

Мыйзам 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

2019-жыл 29-январь