Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Фоторепортаж – Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 3-февралда Бишкек шаарынын Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында өттү. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.

Коштошуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана күч структураларынын жетекчилери, маркумдун туугандары жана жакындары катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Акназаровдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, анын өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берерин белгиледи.

2019-жыл 3-февраль