Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ЕАЭБ менен анын мүчө мамлекеттеринин жана Ирандын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Убактылуу макулдашуунун максаты Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен Ирандын ортосунда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле өз ара кызыкчылыктарды туудурган тармактарда тараптардын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 2-февраль