Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Сауд Аравия Королдугунун  Королу Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Президент Сооронбай Жээнбековду  жана Кыргызстан элин жана Нооруз  майрамы менен куттуктады

Сауд Аравия Королдугунун Королу Салман бин Абдульазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Сауд Аравия Королдугунун жалпы элинин, Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан зор кубаныч менен Сизге, Улуу урматтуум, чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдойм. Чың ден-соолук жана бакыт-таалай, Өкмөткө жана Кыргызстандын боордош элине мындан ары гүлдөп өнүгүү  каалайм», -деп белгиленет Сауд Аравия Королдугунун Королу Салман бин Абдульазиз Аль Сауддун куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 21-март