Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

АКШнын Президенти Дональд Трамп Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

 “Кубанычтуу жана гүлдөгөн Нооруз майрамыңыз менен Сизди, сиздин үй-бүлөңүздү жана Кыргыз Республикасынын элин чын жүрөктөн куттуктайм. Америкада жана дүйнө жүзүндө көптөгөн адамдар бул жаңылануунун жана кайра жаралуунун сонун майрамын бирге майрамдашат.

Биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы 27 жылдык өнөктөштүгүбүз бай кызматташтык салттарына ээ. Келечекте кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетүү үчүн AKШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам.

Нооруз майрамыңыз кут болсун!”,-деп белгиленет АКШнын Президенти Дональд Трамптын куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 22-март