Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 13-февралында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Женева протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Франция Республикасынын Өкмөтүнө депонирлөөгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

2019-жыл 23-март