Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын «Газпром» акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын «Газпром» коомдук акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллерди кабыл алды.

Мамлекет башчысы мунайгаз тармагындагы кол коюлган келишимдер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга көмөк болооруна ишенимин билдирди.

Алексей Миллер «Газпромдун» алдына коюлган бардык макулдашуулар жана милдеттер өз мөөнөтүндө жана толугу менен ишке ашырылат деп ишендирди.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандын мунайгаз тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

2019-жыл 29-март