Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде, КР Жогорку Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө тышкы саясат, Кыргызстандагы коомдук-саясий абал, аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, коррупция менен күрөшүү, социалдык-экономикалык маселелер, реформаларды ишке ашыруу боюнча маселелерге токтолду.
Президент Сооронбай Жээнбеков глобалдык чакырыктарга туруштук берип, турмушта жаңы технологияларды кеңири пайдаланганда гана өнүккөн өлкө боло алаарыбызды өзгөчө белгиледи.