Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-июнунда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын жакшыртуу, ошондой эле анын ченемдерин Евразия экономикалык бирлигинин «Атаандаштык жөнүндө» Моделдик мыйзамына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамына айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 29-июль