Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу cүйлөштү

Бүгүн, 30-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу cүйлөшүштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана болочогун талкуулашты, эки өлкө ортосундагы союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана ынак кошуналык мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн маанилүү экенин белгилешти.

2019-жыл 30-июль