Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Күрөө жөнүндө“, „Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 12-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин түзүү жана ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук негиздерин түзүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2019-жыл 7-август