Каныбек Исаков Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык, Исаков Каныбек Абдуваситович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.