Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Калдарали Маматалиев Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Маматалиев Калдарали Капарович Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды.

2019-жыл 17-сентябрь