Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Фоторепортаж — Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк бизнес-форуму («Шератон» мейманканасы)

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда, кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Түркиянын өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамилеси түзүлүп, натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери динамикалуу темпте өнүгүп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков тараптардын өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 400 млн доллардан бир миллиард долларга жеткирүү ниети бар экенин баса белгиледи.

Кыргыз-түрк бизнес-форуму жыл сайын өткөрүлУУДО. 2018-жылы бизнес-форум Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапарынын алкагында болГОН.

Дүйнөлүк аты бар «Шератон» мейманканасынын Кыргызстанда ачылып жатышына токтолгон Сооронбай Жээнбеков, бул өлкөдө туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деп белгиледи.

2019-жыл 24-сентябрь