Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Ереванга Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-сентябрда, Ереван шаарына (Армения) 1-октябрда өтө турчу Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн келди.

ЖЕЭК жыйынынын алкагында ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин башчылары «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун ишине катышышат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, экономика министри Санжар Муканбетов жана финансы министри Бактыгүл Жеенбаева.

2019-жыл 30-сентябрь Ереван