Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражаттан үнөмдөлгөн суммага Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери толук жаңыртылат

«Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн бөлүнгөн каражаттан үнөмдөлгөн суммага эки ГЭС — Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери толук жаңыртылат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышууда.  

Президент Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө 100 млн. доллардан ашуун каражаттар үнөмдөлгөнүн белгиледи.

Бул өткөрүлгөн тендерлердин ачык-айкын, адилет болгону дүйнөлүк гигант-компаниялардын атаандаштык менен конкурска катышканына байланыштуу болду. Муну донорлор сатып алуулардын ачык-айкындыгын көрсөткөн жакшы мисал катары баалашты. 

«Үнөмдөлгөн каражаттарды сметалык баасы 160 млн. доллады түзгөн Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого жумшоо чечими кабыл алынды», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

2019-жыл 18-октябрь Кара-Куль