Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээбеков: Биздин улуттук энерготутумубуз евразиялык рынокто атаандаштык жөндөмүнө ээ болушу керек

«Биздин улуттук энерготутумубуз евразиялык рынокто атаандаштык жөндөмүнө ээ болушу керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышуу учурунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, коңшу мамлекеттер менен аймактык кызматташууну толук түрдө ишке ашырууга, CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоо боюнча милдеттерибизди толугу менен аткарууга даяр болушубуз зарыл.

«CASA-1000 долбоорун натыйжалуу аткаруу — өлкөнүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге болгон экспорттук дараметин бир далай жогорулатат. Келечекте Кытай Эл Республикасынын рыногуна чыгууну максат кылабыз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

2019-жыл 18-октябрь Кара-Куль