Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 10-октябрында кабыл алынган.
Протоколдун максаты жогоруда аталган Макулдашууда каралган айрым иш-чараларды ишке ашыруу мөөнөтүн узартуу аркылуу 2015-жылы 8-майда кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколдо каралган иш-чараларды ишке ашырууну камсыздоо болуп саналат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.