«Борбордук Азиядагы интеграция биргелешкен экономикалык мүмкүнчүлүктү ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн чоң мааниге ээ», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда Ташкент шаарында (Өзбекстан) Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда.
Ошону менен бирге бул мүмкүнчүлүктөр тоскоолдуктардан улам толугу менен пайдаланылбай жаткандыгын кошумчалады.
«Өлкөлөр арасындагы соода жүгүртүүнүн көлөмү төмөн бойдон калып жатат. Кээ бир азык-түлүктөрдү экспорттоого тыюу салынып, чек арада жүктөрдүн документтерин даярдоодо бюрократия орун алууда. Биздин өз ара пайдалуу экономикалык мамилелерге чектөөлөр жана пошлиналар терс таасирин тийгизип жатат. Биз адамдардын, товарлардын, кызматтардын жана капиталдын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюшубуз зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Тиешелүү мамлекеттик органдар өз ара пайдалуу соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп бериши керектигин кошумчалады.
«Баарынан мурда — өз ара соода жүгүртүүнү өстүрүү, эркин соода режимдин толук иштешин камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү керек. Бир жагынан — төмөнүрөөк бааларды жана акциздерди белгилөө боюнча кызматташуубуз аймактын ичинде чыгымдардын кыскарышына алып келиши мүмкүн. Экинчи жагынан — бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, товарлардын чек арадан өтүшүн жеңилдетип, тоскоолдуксуз транзитти камсыз кылып, логистиканы жакшыртуу зарыл», — деп белгиледи Кыргызстандын Президенти.
Ошондой эле ишкердик субъектилер жана аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда ар кандай биргелешкен ишканаларды түзүү жолу менен кызматташууну өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи.
«Аймактагы өлкөлөр Кыргызстан үчүн соода-экономикалык тармакта артыкчылыктуу өнөктөштөр болуп саналат. Аймактагы соода-экономикалык кызматташтыктын маанисин эске алуу менен Кыргызстан өз рыногун Борбордук Азиянын товарлары үчүн ачык бойдон калтырат. Ошол эле учурда биз да өзүбүздүн продукцияны өз ара пайдалуу шартта экспорттоо үчүн өнөктөш-өлкөлөрдүн рыногуна эркин кирүүгө мүмкүнчүлүк алууну күтөбүз. Биздин экономиканын бардык секторлору инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чексиз ачык», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.