«Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө чоң маани берет», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда Ташкент шаарында (Өзбекстан) Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунда.
Ал системалуу саясий диалогду беш тараптуу форматта өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
«Ийгиликтүү аймактык кызматташуу биздин көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүгө жана биздин элдердин жыргалчылыгын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Достуктун жана ынак кошуналык мамилелердин негизинде туруктуу, ачык жана динамикалуу өнүгүү үчүн бизде бардык зарыл өбөлгөлөр бар», — деп белгиледи Кыргызстандын Президенти.
Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү Россия Федерациясы менен тыгыз мамиле куруп, аны менен ар кандай саясий жана экономикалык форматтарда өз ара аракеттенишип жаткандыгын баса белгиледи.
«БУУ, КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ жана башка түзүмдөрдүн алкагында биз окшош позициялар менен чыгып жатканыбызды канааттануу менен белгилейм. Аймактын кызыкчылыгын биргелешкен өз ара ишеним жана колдоо менен эл аралык жана аймактык уюмдарда жылдыруу керек. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда Борбордук Азияда кызматташуунун механизмин реформалоо боюнча туруктуу аянтча түзүлө баштаганын толук ишеним менен айта алабыз. Бул жолугушууларда биз аймактык өнөктөштүктүн маселелерин толук карап чыгышыбыз керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.