Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу — эл аралык аренада руханий мурастарды жайылтуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк

Кыргызстандын ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу — эл аралык аренада руханий мурастарды жайылтуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-декабрда, «Манас» жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында чыгармачыл интеллегенциянын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан тарыхта биринчи жолу 2019-жылдын ноябрында ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайланганын эске салды. Бул кеңешке шайлангандан кийин Айкөл Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун мурастарын эл аралык деңгээлде жайылтууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтты.

Бул мүмкүнчүлүктү пайдалануу үчүн бардык күч-аракеттер жумшаларын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЮНЕСКОнун аткаруучу кеңешине шайлануусу Кыргызстан үчүн тышкы саясаттагы чоң жеңиш экенин баса белгиледи.

2019-жыл 4-декабрь