Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Санжарбек Эркинбаев КР УКМКнын 9-кызматынын начальнигинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Шабданбеков Тимур Маратович башка кызматка өткөнүнө байланыштуу КР УКМК төрагасынын орун басары — КР УКМКнын 9-кызматынын начальниги кызматынан бошотулду.

Президенттин башка буйругу менен Эркинбаев Санжарбек Нуралиевичке Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальнигинин милдетин аткаруу жүктөлдү.

2019-жыл 7-декабрь