Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

 

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

1958-жылдын 8-декабрында Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн алгачкы берүүсү обого чыккан. Ошол күндөн тартып телекөрсөтүү жана радио күндөлүк жашообуздан бекем орун алды.

Сиздер өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатасыздар.

Телерадио кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгеги жана чыгармачылык изденүүлөрү мындан ары дагы жаратмандык иштерге, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин курууга багытталат деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!»

2019-жыл 8-декабрь