Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүүнү сот чечимдерин аткаруу өндүрүшүндө да орнотуу зарыл

«Санариптештирүүнү сот чечимдерин аткаруу өндүрүшүндө да орнотуу зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда сот системасынын 95 жылдык мааракесине арналган иш-чарада.

«Мага маалым болгондой, бүгүнкү күндө аудио-видео жазуу жана протоколдоштуруу  жабдуулар менен сот жыйындарынын залдарынын жарымы гана камсыздалган. Протоколдор дагы эле эскиче кагазда жазуу түрүндө түзүлүп жатат. Бул ишти толугу менен белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей бүтүрүү керек. Компьютердик сабаттуулук — судьялардын милдеттүү кесиптик компетенциясынын бир бөлүгү болууга тийиш. Санариптештирүүнү — сот чечимдерин аткаруу өндүрүшүндө да орнотуу зарыл. Сот системасынын жетекчилиги — өзүнүн бардык ишмердүүлүгүн электрондук форматка өткөрүү боюнча судьяларга үлгү болушу керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

2019-жыл 9-декабрь