Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Реформанын ийгилиги биринчи кезекте судьялардын ички абийиринен, инсандык тазалыгынан, адилеттүүлүгүнөн көз каранды

«Реформанын ийгилиги каражаттан эмес, техникадан эмес, эң биринчи кезекте, жеке силердин ички абийириңерден, инсандык тазалыгыңардан, адилеттүүлүгүңөрдөн көз каранды», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда сот системасынын 95 жылдык мааракесине арналган иш-чарада судьялык корпуска кайрылып жатып.

Мамлекет башчысы белгилегендей, адилеттүү сот бийлигин түзүү үчүн мамлекет тарабынан ар тараптан колдоолор көрсөтүлүп келүүдө. Сот тутумун каржылоонун көлөмү жылдан жылга өсүп жатат. 2018–жылы сот системасына 1,6 млрд. сом, ал эми 2019-жылга 2 млрд. 154 млн. сом бөлүнүп, анын бюджети 35 пайызга көбөйгөн. Соттор керектүү материалдык-техникалык ресурстар, техника менен жетиштүү камсыздалууда. Ошону менен катар, айрым бир көйгөйлөр бар.  Алар да өз ырааты менен чечилип жатат.

«Эми силерден да ошого жараша кайтарым болуп, өлкөдө адилеттүү, эл ишенген сот системасын орнотуу талап кылынат. Судьянын дили, дүйнөсү тазаланмайын, сот системасы тазаланбайт. Коом өнүкпөйт», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

2019-жыл 9-декабрь