Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий визит менен келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда Бириккен Араб Эмираттарына расмий визит менен келди. Мамлекет башчысы БАЭге визитин Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен жасоодо.

Расмий визиттин алкагында, Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы жана БАЭнин Вице-президенти, Премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен эки тараптуу жолугушуу пландалган.

Мындан тышкары, БАЭнин соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештер менен жолугушуулар күтүлүүдө.

2019-жыл 11-декабрь Абу-Даби