Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин алкагында Абу-Даби шаарында курман болгон жоокерлердин Мемориалына гүлчамбар койду.
Азем Ардактуу кароолдун ротасынын катышуусу менен аскердик оркестрдин коштоосунда өттү.
Мамлекет башчысы Мекенинин алдында милдетин аткаруу учурунда курман болгон Эмираттын жоокерлери менен мамлекеттик кызматкерлерин эскерди, аскердик даңк залын көрүп чыкты жана ардактуу меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.
«Wahat Al Karma» («Ар-намыс оазиси») Мемориалдык комплекси — бири-бирине таянып турган 31 панелден куралган архитектуралык композиция. Алардын ар биринин бетине курман болгон жоокерлердин ысымдары жазылган. Ал улуттук биримдиктин жана ынтымактын баалуулуктарын көрсөтүп турат.