Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жолугушту 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин алкагында Абу-Даби шаарында Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жолугушту.

Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын келечектери тууралуу пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда таза суу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга Зайед Фондунун катышып жатканын канааттануу менен белгилеп, бул багытта жасалган иштер үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан таза суунун мекени экенин, бирок ошол эле мезгилде региондордогу 600 айыл сууга муктаж болуп жатканын белгиледи. Кыргызстандыктардын ден соолугу, экономикасы, өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү ушуга байланышкандыктан, калкты таза суу менен камсыздоо маселесин чечүү анын жеке көзөмөлүндө экенин өзгөчө белгиледи.

Президент регионалдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Өлкөнүн региондору социалдык жана билим берүү объекттерин курууга жана жаңылоого, ирригациялык тармактарды кеңейтүүгө муктаж экендигин белгилеп, бул багыттарда активдүү кызматташууга чакырды.

Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери аталган Фонд БАЭнин жетекчилиги жүргүзгөн саясатына ылайык ишмердүүлүк алып барганын баса белгиледи.

Долбоорлорду баштоо абдан көп мезгилди талап кыларын, бирок аларды Кыргызстанда ишке ашыруу ыкчам чечилерин айтты.

Ал кыргыз тарабы айткан сунуштарды сөзсүз карап чыгаарына ишендирди. Ар тараптуу кызматташууга, ошондой эле кайрымдуулук долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери кыргыз тараптын кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдарлыгы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу мааниге ээ экенин канааттануу менен кошумчалады.

2019-жыл 12-декабрь Абу-Даби