Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий визитинин алкагында БАЭ Вице-президенти, Премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум менен жолугушту.
Эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенишүү маселелери талкууланды.
Вице-президент, БАЭнин Премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алып, Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушуу ал үчүн сыймык экенин белгиледи.
Ал БАЭ жана Кыргызстандын элдерин көчмөн маданияты жана жылкыларга болгон өзгөчө мамиле байланыштырганын баса белгиледи.
Өзүнүн резиденциясында жылкы багаарын айтып, Кыргызстанда ат фестивалдары өтүп турабы деп кызыкты.
Мухамед бин Рашид Аль Мактум Сооронбай Жээнбековдун БАЭге визити өз убагында болгонун жана эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берерин баса белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал Кыргызстанда өткөн«Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» жөнүндө айтып берип, ал жакта спорттун 37 түрү боюнча мелдештер өткөнүн кошумчалады.
Алардын көпчүлүгү ар түрдүү багыттардагы ат үстүндөгү спорттук оюндарга кирет.
Сооронбай Жээнбеков соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, биргелешкен товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө натыйжалуу чараларды көрүү зарылдыгын белгилеп, дагы бир жолу Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн баса белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков БАЭнин Премьер-министрин Кыргызстанга визит менен келип, улуттук ат оюндарына күбө болуп кетүүгө чакырды.
Вице-президент, БАЭнин Премьер-министри Мухаммед бин Рашид Аль Мактум кызыкдарлыгын билдирип, Кыргызстанга инвестицияны кайсы артыкчылыктуу багыттарга салса болоорун иликтеген делегацияны жиберерин белгиледи.