Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун  Бириккен Араб Эмираттарына расмий визити

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен 2019-жылдын 11-12-декабрында расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарында болду.

Мамлекет башчысынын расмий визити курман болгон жоокерлердин Мемориалына (Абу-Даби шаары) гүлчамбар коюу менен башталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында маданият, туризм, билим берүү, айыл чарба, жарандарды социалдык коргоо жаатында кызматташуу тууралуу эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду.

 Сооронбай Жээнбеков визиттин алкагында ошондой эле БАЭнын Вице-президенти, Премьер-министри шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум,  Абу-Даби жана Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр, БАЭнин ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Президентинин БАЭге расмий визитин ошол өлкөдө жашап жаткан мекендештери менен жолугушуусу жыйынтыктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке бүгүн, 13-декабрда таң эрте кайтып келди.

2019-жыл 13-декабрь Дубаи