Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен расмий жолугушуу аземи болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен расмий жолугушуу аземи бүгүн, 16-декабрда, Эр-Рияд шаарындагы Королдун  сарайында болду.

Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен кечээ, 15-декабрда расмий визит менен Сауд Арабиясына келген.

Ардактуу кароол тизилип, Кыргызстан жана Сауд Арабиясынын гимндери жаңырды. Сооронбай Жээнбеков жана Салман бин Абдельазиз Аль Сауд расмий делегациялардын мүчөлөрү менен тааныштырылды.

Андан соң кеңири жана чакан курамда сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.

2019-жыл 16-декабрь