Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

 Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-декабрда, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия) учуп кетти.

ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүнөн сырткары КМШ  мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов.

2019-жыл 20-декабрь