Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына (Россия) учуп келди.
Мамлекет башчысы ЖЕЭКтин чакан жана кеңири курамдагы жыйындарына катышат.
Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.